Трамп Илон Маскты жаңы кызматка дайындады

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Илон Маск менен Вивек Рамасвами АКШ өкмөтүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча министрликти жетектей турганын жарыялады. Бул тууралуу Трамп өзү айтканын анын командасы билдирген.

"Илон Маск америкалык патриот Вивек Рамасвами менен биргеликте Өкмөттүн натыйжалуулугун жогорулатуу министрлигин (DOGE) жетектей турганын жарыялоого кубанычтамын", - деп белгиленет текстте.

Анда алар жаңы президенттик администрация "бюрократиядан арылуусун, ашыкча жөнгө салууну кыскартууну, ысырапкорчулукка кеткен чыгымдарды кыскартууну жана федералдык агенттиктерди реструктуризациялоону" камсыз кылуу үчүн иштешет деп айтылат.

11-ноябрда ABC телеканалы Маск келечектеги Трамптын администрациясын түзүүдөгү негизги фигуралардын бирине айланып баратканын кабарлады. АКШдагы шайлоолордон бери Маск дээрлик күн сайын Мар-а-Лагодо (Флорида) шайланган мамлекет башчысынын үйүндө болуп, ошону менен кадрдык чечимдерге түздөн-түз таасир эткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан