Бүгүн, 13-ноябрда президент Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына (COP29) катышуунун алкагында “Кыргызстан: тоолорду туруктуу өнүктүрүү” аттуу улуттук павильонго барды. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, улуттук павильон тоо тематикасын жана туруктуу өнүгүүнү алга жылдырууда Кыргызстандын лидерлик ролун көрсөтүү менен, эл аралык COP29дун катышуучуларын өзүнө тарткан жагымдуу жайга айланды.
Мамлекет башчысы өлкөнүн COP29га катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, улуттук павильон өлкөнүн байлыгын жана өзгөчөлүгүн, ошондой эле тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө болгон умтулуусун чагылдырарын белгилеген.
Белгилей кетсек, 21-ноябрга чейин ачык болгон павильондо күн сайын өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун катышуусу менен климаттык күн тартибинин, Кыргызстандын энергетикалык, соода-экономикалык, туристтик жана инвестициялык потенциалынын актуалдуу маселелери боюнча презентациялар, ошондой эле маданий иш-чаралар, бал, кургатылган жемиштер, улуттук суусундуктар жана башка ушул сыяктуу улуттук тоо продукцияларынын көргөзмөлөрү өткөрүлөт. Ал жерге боз үй орнотулгандыгы маалыматта кошумчаланган.