Израилдин акыркы суткада Ливанга карата жиберген ракеталык соккусунан каза болгондордун саны 78ге жетти

Акыркы 24 сааттын ичинде Израилдин Ливандын бир катар аймактарына жасаган соккуларынан 78 адам өлүп, 122 адам жарадар болду. Бул туурасында Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Израилдин Ливанга сокку уруулары башталгандан бери курман болгондордун саны 3365ке жетти, 14 миң 344 киши ар кандай оордуктагы жарадар болду.

Маалыматта кошумчалангандай, Ливандын түштүгүндөгү тоолуу Шуф аймагындагы ракеталык соккудан улам кулаган үйлөрдүн урандыларынан жарандарды издөө иштери экинчи күн да уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан