Польшанын президенти күтүүсүз кырсыктан улам манжасынын бир бөлүгүнөн ажырады

Польшанын президенти Анжей Дуда үйүндө оокат кылып жатып кырсыктап, сөөмөйүнүн бир бөлүгүнөн ажырады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Президенттин басма сөз катчысы, кырсык жумуштан тышкары убакта, тагыраагы, президент үйүндө үй жумуштары менен алек болуп жатканда болгонун тактаган. Президент сөөмөйүнүн бир бөлүгүн эмне болуп алдырып ийгени так айтылган жок. Ага операция жасалган.

Учурда президент кадимки режимде ишин улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан