Лукашенко Беларусияны аял киши азырынча башкара албай тургандыгын билдирди 

Беларусиянын учурдагы президенти Александр Лукашенко өлкөнү азырынча аял президент башкара албай тургандыгын айтты. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, президенттик шайлоо 2025-жылдын 26-январына белгиленген.

"Беларусияга аял президент болгондон кудай сактасын. АКШда башкаруу башка, ал жакта башчы бирдей ыйгарым укутарга ээ эмес. А бизде болсо президент - башкы командачы. Бул эң оор жумуш, аялга анчалык чоң жоопкерчилик жүктөөнүн кереги жок”, - деп билдирген Лукашенко “Белта” мамлекеттик агенттигине.

Кошумчалангандай, Лукашенко балким убакыттын өтүшү менен Беларусия бул башкарууга келет, бирок азырынча алардын орду жолдошуна жардамчы болуу экендигин билдирген.

Белгилей кетсек, буга чейин Беларусиянын борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди көрсөтүүнү колдоо үчүн кол топтоо укугуна ээ болгон президенттикке талапкерлердин жети демилгелүү тобун, анын ичинде Беларустун азыркы президенти Александр Лукашенконун демилгелүү тобун каттаган.

Бирок шейшембиде эки талапкер Лукашенконун саясатын колдой турганын билдирип, өнөктүккө катышуудан баш тартышты. Ал эми калгандардын катарында аял талапкер, ишкер жана эч бир партиясыз өз талапкерлигин алып чыккан Анна Канопацкая бар кендиги маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан