Ош шаарынын Мээркан айылында жаңыдан курулган Чолпонбай Түлөбердиев атындагы мектептин ачылышы болду. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ага Садыр Жапаров онлайн форматта катышкан.
"Жаңы салынган имарат 225 окуучу орунга ылайыкташкан. Билим берүү мекемесинде окуучулардын билим алуусу үчүн керектүү болгон бардык шарттар түзүлгөн. Класттык бөлмөлөрдөн сырткары, спорттук аянттар, суу сактагыч, автономдуу жылуулук системасы бар", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жергиликтүү тургундарды аталган мектептин ачылышы менен куттуктап, курулушка көмөктөшкөн жарандарга ыраазычылыгын билдирди.