Израиль армиясы Газа тилкесиндеги Нусейрат качкындар лагерине сокку урду

Израилдин Коргоо күчтөрү Газа тилкесиндеги Нусейрат качкындар лагерине сокку урду. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы бүгүн, 16-ноябрда билдирди.

Кабарчы Нусейрат лагеринин түндүк-батыш аймагы Израилдин артиллериясынын аткылоосуна кабылганын билдирген.

Ошондой эле Израиль армиясынын учактары Газанын түндүк-батыш аймактарына сокку урганы кабарланды. Жабалия качкындар лагеринин батыш аймактарында бир нече үй талкаланган.

Буга чейин, 12-ноябрда, Израилдин аскерлери Нусейратка жерден жана абадан бир катар сокку урган. Анын натыйжасында кеминде үч киши жарадар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан