АКШнын 47-президенти болуп шайланган Дональд Трамп өзүнүн басма сөз катчысын дайындады. Ал 27 жаштагы Кэролин Ливитт болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, ал Ак үйдүн тарыхындагы эң жаш маалымат катчы болуп эсептелет.
белгиленгендей, Кэролина Трамптын мурунку президенттик постунда басма сөз катчысынын орун басары болуп, кийин шайлоо алдындагы үгүт иштерин алып барган.
Белгилей кетсек, Дональд Трамп мурунку президенттик мөөнөтүндө төрт жолу маалымат катчысын алмаштырган.