Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Прадеш штатында жайгашкан Махарани Лакшми Бай медициналык колледжинин клиникасында өрт чыгып, он жаңы төрөлгөн ымыркай каза болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, өрттөн 39 ымыркайды сактап калышкан, алардын абалы туруктуу деп бааланууда. Ал эи наристелерди куткарууда медайым бутун күйгүзүп алгандыгы аныкталган. Анын абалы да туруктуу экендиги айтылат.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы маалыматта кошумчаланган