Грузияда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Георгий Каландаришвилиге кара боёк чачып кеткен оппозиционер кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, өлкөнүн Ички иштер министрлиги бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жаткандыгын билдирип, Кылмыш-жаза кодексинин 118-беренеси (“Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү”) боюнча кылмыш иши козголгондугун маалымдаган. Анын негизинде айыпталуучу төрт жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги маалыматта кошумчаланган.
Белгилей кетсек, окуя Борбордук шайлоо комиссиясы 26-октябрда өткөн парламенттик шайлоонунун жыйынтыгы боюнча маалымат берип жатканда орун алган.