Карьералык өсүү: HR директордун кеңештери

Азыркы заманда карьералык өсүү барган сайын тез өзгөрүп жана аны алдын ала болжолдоо кыйын болуп бара жатат. Акыркы жылдарда эмгек дүйнөсү олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Ал эми COVID-19 пандемиясы бул өзгөрүүлөргө чоң түрткү берди десек жаңылышпайбыз. Жаңы реалдуулукта карьералык өсүү мурдагыдан да тез жана күтүүсүз болуп калды. Салттуу иерархиялык түзүлүштөрдүн ордуна, рыноктун тез өзгөргөн талаптарына ылайыкташуу, өз алдынча иштөө жана үзгүлтүксүз үйрөнүү негизги ролду ойной баштады.

Бул макалада эмгек дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөр карьералык өсүүгө кандай таасир тийгизип жатканын жана ийгиликтүү, финансылык туруктуулук алып келе турган карьера куруу үчүн кандай жаңы стратегиялар керектигин сөз кылабыз. Суроолорубузга Казакстандагы Coca-Cola Icecek компаниясынын HR директору жана Кыргызстандагы алгачкы адистешкен карьералык консультанттардын бири Айчүрөк Нуралиева жооп берет.

— Айчүрөк, сиз карьераңызды HR ассистенти кызматынан баштаган экенсиз, ал эми азыр Казакстандагы ири эл аралык компанияда HR директору кызматын аркалап жатыпсыз. Карьераны ийгиликтүү курууга сизге эмне жардам берди жана ийгиликтүү карьера баштоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?

Биринчи кезекте өзүңүздүн баалуулуктарыңызды, кызыкчылыктарыңызды жана жөндөмүңүздү аныктап алуу зарыл. Сиз үчүн эмне маанилүү: командада иштөө же жеке ишкердик, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу же күнүмдүк иш, тез карьералык өсүү же туруктуулук? Андан соң өз жөндөмдөрүңүздү жана тажрыйбаңызды терең талдап чыгыңыз. Анын кайсылары эмгек рыногунда эң көп талап кылынат? Кайсы жөндөмдөрдү өнүктүрүү керек? Карьераңызды өнүктүрүү үчүн максаттарыңызды жана мүмкүнчүлүктөрүңүздү эске алуу менен өнүгүү планын түзүңүз. Эксперимент жасап, жаңы нерселерди сыноодон коркпоңуз. Каталар - үйрөнүү процесинин бир бөлүгү. Мындан тышкары, активдүү болуңуз. Сизге кызматтык көтөрүлүү же кызыктуу долбоор сунушталат деп күтпөңүз. Демилге көтөрүп, өз ишиңизге жоопкерчилик алыңыз. Ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү кызматкер болуңуз. Ишти жогорку деңгээлде аткарууга жана жетекчиликтин күткөнүнөн ашканга аракет кылыңыз. Сиздин жумушуңуз өзүңүз жөнүндө кабар берип турушу керек.

"HR-революция: Кантип HR башкаруу аркылуу рыноктун лидери болууга болот?" китебиңизде адам ресурстарын башкаруудагы негизги тенденцияларды ар тараптуу изилдеп, заманбап HR инструменттерин айтыпсыз. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып биздин регион үчүн HR функциясынын маанилүүлүгүн баса белгилеп өтөсүз. Эмне үчүн бул тема бүгүнкү күндө КМШ өлкөлөрү үчүн маанилүү?

— "HR-Революция" китебимде мен HR - бул жөн гана кызматкерлерди тандоо жана эмгек акыны төлөө эмес экенин көрсөтүүгө аракет кылдым. Бул ар бир компаниянын ийгилигинин ачкычы боло ала турган стратегиялык функция. HR адистерине заманбап ыкмаларды колдонуу жана өз компанияларындагы кадрларды башкарууну жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн практикалык инструменттерди сунуштайм. HR-функциясын өнүктүрүүгө салынган инвестиция компаниянын келечегине салынган инвестиция экенине ишенем. Эгерде HR адистер өз билимдерин колдонуп, компаниянын жалпы ийгилигине жетишүү үчүн бизнес-өнөктөш катары иш алып барышса, КМШ өлкөлөрү HR жаатында лидер болууга бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Сиз ири академиялык басылмалар үчүн илимий макалаларды жазат экенсиз жана IJSR үчүн жазган эмгектердин биринде "Кызматкерлердин позитивдүү тажрыйбасын түзүү жана колдоо: Иштөөгө кабыл алуудан тартып бошотууга чейин" темасын изилдеген экенсиз. Сиздин изилдөөңүз жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз. "Кызматкердин тажрыйбасын башкаруу" деген эмне жана эмне үчүн бул багытты иш берүүчүлөр үчүн дайыма өнүктүрүү маанилүү?

— Кызматкердин тажрыйбасын башкаруу (Employee Experience, EX) — бул кызматкерлер үчүн компаниядагы иштөө циклинин бардык этаптарында позитивдүү жана продуктивдүү тажрыйба түзүүгө багытталган концепция.

Кызматкерди тартуу жана ишке алуу учурунан тартып, анын компаниядан кетишине чейин EX цикли аяктайт. Менин изилдөөмдүн жыйынтыгында кызматкерлер үчүн позитивдүү иш тажрыйбасын түзүү жана колдоо боюнча бир нече практикалык сунуштарды сунуш кылам. Жөнөкөй сөз менен айтканда, позитивдүү EX — бул сиздин кызматкерлериңиздин сиздин компанияда иштегиси келип, анда сыймыктануу менен иштеп, өз ишин натыйжалуу аткаруу үчүн бардык ресурстарга ээ болушу. Бирок муну ишке ашыруу үчүн кызматкердин тажрыйбасын башкаруу бир жолу жасала турган процесс эмес экенин түшүнүү маанилүү. Бул - кызматкерлердин канааттануусун жана мотивациясын жогорулатууга багытталган үзгүлтүксүз аракеттер.

Сиз көптөгөн иш-чараларда баяндама жасап келесиз. Жакында эле TEDx UCA'‎да эмоционалдык күйүп кетүү (кызматка байланыштуу) темасында баяндама жасадыңыз. Ошондой эле, элчиликтер тарабынан иш-чараларга чакырылып турасыз. Мисалы, Американын элчилигинин чакыруусу менен “Экономикадагы аял-лидерлер” конференциясында ментордук тема боюнча сүйлөдүңүз. Сиздин оюңузча, ийгиликтүү карьера курууда эл алдында сүйлөө жөндөмдөрү канчалык маанилүү?

Менимче, оратордук чеберчилик кандай гана тармакта болбосун ийгиликтүү карьера куруу үчүн маанилүү. Ой-пикирлериңизди так жана ишенимдүү түрдө жеткирүү, аудиторияны кызыктыруу жана анын көңүлүн сактап калуу — бул маанилүү жөндөмдөр. Алар сизге топтон айырмаланып, дараметиңизди бекемдеп, ийгиликтүү карьера курууга жардам берет. Ошондой эле бул жөндөм өтө маанилүү, эгерде сиз жетекчи катары өсүүнү каалап, командаларды натыйжалуу башкаргыңыз келсе.

Азыркы заманда лидерлер өз чөйрөсүндө гана компетенттүү болбостон, ошондой эле эл алдында сүйлөө аркылуу адамдар менен натыйжалуу байланыш түзүп, шыктандыруу жөндөмүнө ээ болушу керек.

— Айчүрөк, Кыргызстандагы Coca-Cola Icecek компаниясынын HR директору катары сиз жогорку лидерлердин арасында аялдардын 50% таасирдүү өкүлчүлүгүнө кирдиңиз. Азыркы заманда уюмда, өзгөчө жогорку кызматтарда, гендердик теңдикке көңүл буруу эмне үчүн маанилүү? Сиздин тажрыйбаңыз тууралуу айтып берсеңиз жана бул компаниянын ийгилигине кандай таасир этет?

— Биринчи кезекте түрдүү перспективалар жана тажрыйбалар компанияны креативдүү жана ийкемдүү кылат. Аялдар командага жаңы идеяларды, көйгөйлөрдү чечүү ыкмаларын жана ой жүгүртүүнүн жаңы жолдорун алып келишет.

McKinsey & Company'‎дин изилдөөсүнө ылайык, жетекчиликте аялдары көп болгон компаниялар 21 пайызга көбүрөөк рентабельдүү. Экинчи жагынан теңдик кызматкерлердин мотивациясын жогорулатат, лоялдуулукту арттырат жана компанияга таланттуу кадрларды тартат.

Үчүнчүдөн, бул компаниянын коомдогу позитивдүү имиджин түзөт жана аны рынокто көбүрөөк атаандаштыкка жөндөмдүү кылат. Менин тажрыйбам көрсөткөндөй, топ-менеджменттеги гендердик теңчилик чечимдерди кабыл алууга, компанияны өнүктүрүү стратегияларына жана анын финансылык натыйжаларына оң таасирин тийгизет. Сан жагынан теңдикке жетишүү гана эмес, ошондой эле команданын ар бир мүчөсү өзүнүн дараметин толук ишке ашыра ала турган инклюзивдүүлүк жана урмат-сыйга ээ болгон атмосферасын түзүү маанилүү.

Карьерный взлет: советы от HR директора

В современном мире карьерный рост становится все более динамичным и непредсказуемым. Мир труда за последние годы претерпел глубокие изменения, а пандемия COVID-19 стала катализатором этих трансформаций. В этой новой реальности карьерный рост стал еще более динамичным и непредсказуемым. Традиционные иерархические структуры уступают место гибким моделям, где ключевую роль играют самостоятельность, постоянное обучение и адаптация к быстро меняющимся требованиям рынка.

В этой статье мы поговорим о том, как перемены в мире труда влияют на карьерный рост и какие новые стратегии необходимы для построения успешной карьеры, которая будет приносить удовлетворение и финансовую стабильность. Мы спросили об этом Айчурек Нуралиеву, HR-директора Coca-Cola Icecek в Казахстане и одну из первых сертифицированных карьерных консультантов в Кыргызстане.

Айчурек, вы начали карьеру с позиции HR ассистента, а сегодня занимаете лидирующую роль HR директора в одной из крупнейших международных компаний с мировыми брендами в Казахстане. Что вам помогает успешно строить карьеру, и как вы думаете, на что нужно обратить внимание, чтобы запустить успешный старт в карьере?

Прежде всего, определите свои ценности, интересы, навыки. Что вам важно: работа в команде или индивидуальная деятельность, творческая реализация или рутинная работа, быстрый карьерный рост или стабильность? Затем проведите тщательный анализ своих навыков и опыта. Какие из них наиболее востребованы на рынке труда? Какие навыки вам необходимо развивать? Составьте план развития своей карьеры, учитывая свои цели и возможности. Не бойтесь экспериментировать и пробовать что-то новое, ошибки - это часть процесса обучения. Также, будьте проактивны. Не ждите, что вам предложат повышение или интересный проект. Проявляйте инициативу, берите на себя ответственность за свои задачи. Будьте надежным и ответственным сотрудником. Старайтесь выполнять работу на высоком уровне, превосходить ожидания руководства. Ваша работа должна говорить сама за себя.

— В своей книге “HR-Революция: Как стать лидером на рынке благодаря управлению персоналом”, вы всесторонне исследуете ключевые направления в управлении человеческими ресурсами и делитесь передовыми современными HR инструментами. Вы также, учитываете и подчеркиваете специфику стран СНГ и делитесь важностью функции управления персоналом для нашего региона. Почему эта тема так важна для стран СНГ сегодня?

В книге “HR-Революция” я стремлюсь показать, что HR не только о подборе персонала и оплате труда. Это стратегическая функция, которая может стать ключом к успеху любой компании. Я делюсь практическими инструментами, чтобы помочь HR-специалистам применить современные подходы к управлению персоналом в своих компаниях и выйти на новый уровень. Я убеждена, что инвестиции в развитие HR-функции — это инвестиции в будущее компании. И страны СНГ имеют все шансы стать лидерами в сфере управления человеческими ресурсами, если HR-специалисты будут использовать свои знания и выступать в роли бизнес-партнера для достижения общего успеха компании.

— Вы пишете научные статьи для крупных академических изданий и в одной из своих работ для IJSR вы писали про «Формирование и поддержание позитивного опыта сотрудников: От найма до увольнения». Расскажите подробнее о вашем исследовании: что такое «Управление опытом сотрудника» и почему работодателям так важно постоянно развивать его?

Управление опытом сотрудником (Employee Experience, EX) - это концепция, сосредоточенная на том, чтобы создать для сотрудников позитивный и продуктивный опыт на протяжении всего их цикла работы в компании. Начиная от момента привлечения и найма сотрудника до его ухода из компании, когд цикл EX завершается. В результате моего исследования я предлагаю ряд практических рекомендаций по созданию и поддержанию позитивного опыта работы для сотрудников. Простыми словами позитивный EX – это когда ваши сотрудники хотят работать в вашей компании и гордятся этим и у них есть все ресурсы для эффективного выполнения своей работы. Однако, для того, чтобы добиться этого необходимо понимать, что управление опытом сотрудником - это не одноразовый процесс, а постоянные усилия, направленные на повышение удовлетворенности и мотивации сотрудников.

— Айчурек, вы опытный лидер, управляющий большой командой, где каждый руководитель ответственен за свою группу. С какими вызовами сталкиваются современные руководители, и как с ними справляться, чтобы сохранять эффективность и успешность команды? Что делает лидера действительно успешным и эффективным в современном мире?

Вы правы, современное лидерство - это сложная задача. Перемены происходят так быстро, что руководители должны постоянно адаптироваться и развиваться, чтобы вести свою команду к успеху. Дистанционная работа, разнообразие поколений, быстрые изменения в технологиях и рынке - все это требует от руководителей гибкости, эффективной коммуникации и усилий по созданию крепкой, мотивированной команды. Успешный руководитель - это не просто тот, кто занимает определенную должность, а тот, кто умеет вдохновлять и вести за собой команду. Ключевыми компетенциями для этого являются так называемые "мягкие навыки" или софт-скиллы. Это умение строить доверительные отношения с командой, эффективно коммуницировать и убеждать, поддерживать ее развитие, поощрять инициативу и гибко реагировать на вызовы современного мира.

Вы часто выступаете на различных мероприятиях, не так давно вы выступили на TEDx UCA, где рассказали о теме профессионального выгорания. Также, вас приглашали различные посольства, к примеру, по приглашению Американского посольства вы выступили на тему менторства на конференции «Женщины-лидеры в сфере экономики». Поделитесь своим мнением, насколько важны навыки публичного выступления для построения успешной карьеры?

По моему мнению, навыки публичных выступлений важны для построения успешной карьеры в любой сфере. Умение четко и убедительно излагать свои мысли, заинтересовать аудиторию и удерживать ее внимание - это ценные навыки, которые помогут вам выделиться из толпы, укрепить свой авторитет и построить успешную карьеру. Также, этот навык критичен, если вы желаете расти, как руководитель и эффективно управлять командами. В современном мире лидеры должны быть не только компетентны в своей сфере, но и уметь эффективно общаться, вдохновлять и мотивировать людей через выступления, в том числе.

— Айчурек, будучи в роли HR директора в Coca-Cola Icecek в Кыргызстане, вы добились впечатляющих 50% представленности женщин среди топ-лидеров. Почему в современном мире так важно уделять внимание гендерному равенству в организации, особенно на топ-позициях? Расскажите о вашем опыте и о том, как это влияет на успех компании.

Во-первых, разнообразие перспектив и опыта делает компанию более креативной и гибкой. Женщины привносят в команду новые идеи, подходы к решению проблем и способы мышления. Согласно исследованию McKinsey & Company, компании с большим количеством женщин в руководстве на 21% более рентабельны. Во-вторых, равенство повышает мотивацию сотрудников, увеличивает лояльность и привлекательность компании для талантов. В-третьих, это создает позитивный образ компании в обществе и делает ее более конкурентоспособной на рынке. Мой опыт показывает, что гендерное равенство в топ-менеджменте положительно влияет на принятие решений, стратегию развития компании и ее финансовые результаты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан