Бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты кабыл алынды.
Жыйында долбоордун авторлорунун бири, депутат Жанар Акаев Финансы министрлиги, Башкы прокуратура менен бирге документтин макулдашылган варианты иштелип чыгып, маселе чечилгенин айтты.
Документти парламент быйыл 27-июнда үч окууда кабыл алган. Ал 1918-1924-жылдардагы “кызыл террор” жана 1929-1953-жылдардагы сталиндик репрессия мезгилинде саясий жана диний ишеними үчүн, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынган, өлтүрүлгөн миңдеген адамдарды реабилитациялоого багытталган.
Долбоорду президент Садыр Жапаров артка кайтарган. Мамлекет башчы өз негиздемесинде, мыйзам долбоорунда документтин кабыл алынышына кошумча каражат талап кылынбайт деп жазылганы менен, Кыргызстандын аймагында 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандар үчүн моралдык кенемте жана ай сайын мамлекеттик кепилдик төлөмдөр каралганын белгилеген.
Натыйжада 25-сентябрда аталган документти кайрадан иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу түзүлгөн.