Репрессия курмандыктарын актоого байланыштуу мыйзам долбоор үчүнчү окууда жактырылды

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоого багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырды.

“Мыйзам долбоору 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын бардык курмандыктарын реабилитациялоого багытталган. Эң оболу атылган, соттолгон, айдалган же айдап жиберилген, мүлкүнөн жана турак жайынан ажыраган, укук жагынан башка зомбулуктарга дуушарланган жана саясий репрессиялардын курмандыгы болуп калган адамдардын ысымын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет”, - деп белгилеген демилгечилер.

Ага байланыштуу, төрага Нурланбек Шакиев кабыл алынган мыйзам долбоору өтө маанилүү экенин белгиледи.

Бул саясий репрессиянын курмандыгы болуп, жапа чеккен ата-бабаларды актоого багытталган тарыхый чечим. Аталган чечим мурда эле кабыл алынышы керек болчу. Алсак, коңшу өлкөлөр жыл сайын репрессиянын курмандыгы болгон адамдардын ысымдарын актап жатышат. Тилекке каршы, биз 30 жыл ичинде бүгүнкүдөй алгылыктуу чечимди кабыл албай келгенбиз”, - деди ал.

Мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова, Мирлан Самыйкожо, Чыңгыз Айдарбеков, Айбек Маткеримов демилгелеп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан