Кыргызстандын 30 жаштагы жараны Султан Абдумаликов Орусиядан депортацияланганы жатканын ЖМКлар жазып чыгышты.
Айта кетсек, 18-ноябрда Екатеринбург шаарындагы ооруканада өрт чыккан.
Маалымдалгандай, ошол маалда такси кызматында жүргөн Султан оорукананын жанынан өтүп бара жаткан. Куткаруучуларга жардам берүүгө шашылып, түтүндү жутуп, ооруканага түшкөн. Анын документтерин текшерүү учурунда милиция мыйзам бузууларды аныктаган.
Кыргызстандыктын айтымында, ал 2011-жылдан бери Орусияда жашайт. Жазында таксиге жумушка орношуп, анан бир аз убакытка үйүнө кетип, эмгек келишимин түзгөнгө үлгүрбөй калган. Султан калган документтери бар экенин белгиледи.
Бирок аны мигранттарды убактылуу кармоочу жайга жөнөтүү каралып жатат. Ал депортациядан тышкары айып пул төлөшү мүмкүндүгү маалыматта кошумчаланган.