Шавкат Мирзиёев ар тараптуу талдоодон кийин Өзбекстандын премьер-министрлик кызматына Абдулла Ариповдун талапкерлигин көрсөтүү чечимин кабыл алганын билдирди. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышууда.
Ага ылайык, мыйзам чыгаруу палатасы президенттин бул чечимин колдоп, жактырды.
Абдулла Арипов 2016-жылдан бери Өзбекстандын өкмөтүн жетектеп келген. Ошондой эле анда ар кандай мамлекеттик органдарда иштеген тажрыйбасы бар.
Эске сала кетсек, кечээ, 19-ноябрда Өзбекстандын өкмөтү отставкага кеткен болчу. Олий Мажлистин (парламент) депутаттарын шайлоодон кийин өкмөт, анын ичинде премьер-министр жана министрлер жаңы шайланган парламентке болгон ыйгарым укуктарын тапшырат. Бул мыйзам чыгаруу бийлиги жаңылангандан кийин аткаруу бийлигин кайра баштоого багытталган стандарттуу процедура.