Мыйзамсыз түрдө айдоочулук күбөлүк алууну сунуштап, социалдык тармактарда алдамчылык маалыматтарды таратып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин кызматкерлери социалдык тармактарда белгисиз адамдар жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү мамлекеттик уюмдардын, ыйгарым укуктуу органдардын катышуусуз эле сатып алууну сунуштап жатышканын байкаган.
Айдоочулук күбөлүктү тез арада сатып алууну сунуштагандардын кызмат акысы 7000 сомдон 20 миң сомго чейин бааланган. Анын үстүнө айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алган адамдардын паспорттору дагы социалдык тармактарга жарыяланган.
Сүрөттөрү интернетке жарыяланган жарандардын өздүгүн аныктоо жана андан ары тактоо иштеринин жүрүшүндө, паспорт ээлери бир нече жыл мурун белгисиз жагдайда документтерин жоготуп алышканы белгилүү болгон.
Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам кызматкерлер маалымат таратып жаткан соцтармактардын колдонуучусу 17 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну экенин аныкташкан.
Маалым болгондой, калың чөйрөнүн көңүлүн буруу жана потенциалдуу кардарлардын агымын көбөйтүү максатында шылуундар социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары менен байланышып, алардын жарнамасын жайылтууну сунушташкан. Тергөө органдарына алынып келинип, суракка алынган кызга октябрь айында бейтаныш жигит байланышып, айдоочулук күбөлүктү сатып алуу кызматтары боюнча жарнамасын ал кыздын баракчасына жарыялап берүүнү суранган. Ошол эле учурда ар бир жарыялоо үчүн ал 5000 сомдон төлөп турган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү кызматтары тууралуу билдирүүлөрдү тараткан Telegram аккаунтунун ээсин аныкташкан. Ал 19 жаштагы Т.У. аттуу Чүй облусунун тургуну, борбордогу жогорку окуу жайлардын биринин студенти болуп чыккан. Жогорудагы жаран тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.
Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп, жабырлануучуларды аныктоо үчүн кошумча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
ИИМ социалдык тармактарда экзаменсиз айдоочулук күбөлүк алууга көмөктөшөт деген жарнактар жана сунуштар мыйзамсыз экенин эскеретет. Көбүнчө шылуундар жарандардын ишеничине кирип, алдын ала акы алып, из жашырып кетишет.
Ошону менен бирге ИИМ өзүн блогер деп атаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучуларын этият болууга жана шектүү сунуштарга жана жарнамаларга макул болбоого чакырат. Шектүү схемалар тууралуу маалыматтар дароо ички иштер органдарына берилиши керек.