Казакстандын айыл чарба министрлиги шайн мускат жүзүмүнөн зыяндуу организмдерди тапкан жок

Кореянын шайн мускат жүзүмүнөн зыяндуу микроорганизмдер табылган жок. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлиги билдирди.

"Айыл чарба министринин тапшырмасы менен Казакстандын Айыл чарба министрлигинин Агроөнөр жай комплексинде Республикалык Өсүмдүктөрдүн карантин борборунун кызматкерлери карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү учурунда жүзүмдүн үлгүлөрүн лабораториялык экспертизадан өткөрүштү. Карантиндик фитосанитардык корутундуга ылайык, карантиндик зыянкечтер аныкталган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кытай менен чектеш Абай районунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук экспертиза борбору жүзүмдүн партиясын нитраттын курамына байланыштуу экспертизадан өткөрдү.

Эгерде Кореянын шайн мускат жүзүмү тууралуу кызыктуу фактыларды билгиңиз келсе шилтемени басыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан