Дүйнөдө кандай гана таң калычтуу, окуялар, кубулуштар жана адам баласы тарабынан жасалган иш-аракеттер бар.
Биз бул жолу учурда тренд болуп жаткан корей жүзүмү – шайн мускат тууралуу сөз кылууну чечтик. Аталган мөмөнү дүйнө жүзүндөгү атактуулар даамдап жаткан видеолорду социалдык тармактардан байма-бай көрүүдөбүз. Учурда жүзүмгө суроо-талап көп болгондуктан, анын баасы дагы арзан эмес.
Кыргызстанда аталган жүзүмдүн бир шиңгили дүң баада 750 сомдон 900 сомго чейин, ал эми чекене 1000 сомдон 1500 сомго чейин сатып алса болот.
Жүзүмдү жеп көргөндөр анын өзгөчөлүгү катарында таттуу даамын, кадимки жүзүмдөргө караганда чоң көлөмүн жана укмуштуудай ширелүүлүгүн айтышууда. Бирок ага катар эле адистер бул жүзүмдү бышырууда ар кандай химиялык каражаттар колдонуларын, ал адамдын ден соолугуна өтө терс таасир бере турганын эскертип жатышат.
Биз кызыгып жеп жүргөн шайн мускат жүзүмү кайсы өлкөдө өстүрүлөт? Анын тарыхына көз чаптырып көрөлү.
Аталган жүзүм эң алгач 1988-жылы Японияда өстүрүлгөн. Ал акицу-21 жана хакунан жүзүмдөрүнүн кыйыштыруусунан келип чыккан. Жүзүм өстүрүлгөн соң алты жылдан кийин гана сатыкка чыккан.
Шайн мускат жүзүмү кытырак текстурасы, ширелүүлүгү жана көлөмү менен айырмаланган. Учурда бул мөмө Япониянын ар кайсы аймактарында, Кореяда, Кытайда өстүрүлөт. Түштүк кореялык багбандар шайн мускатты бат өздөштүрүп, дүйнө жүзүнө экспорттоону эрте башташкан. Ошол себептен ал Корей жүзүмү аталып калган.
Анын сырткы кабыгы катуу болгондуктан сактоодо жана ташууда оор шарттарды талап кылбайт. Жүзүм август айынын аяктарында бышып, сатыкка чыга баштайт.
Жүзүмдү жайылтууга дорамалар жана соцтармактардагы кызыктыруучу ар кыл видеолор роль ойногон. Мунун аркасы менен жүзүм дүйнөгө белгилүү боло алды.
Жүзүмдүн кичинекей шиңгилинин салмагы 400-500 грамм чыгат, ал эми бир тоголок мөмөсү 10-12 граммга чейин жетет.
Кыргызстанда сатылып жаткан шайн мускаттын көпчүлүгү Кытайдан келет.