Канат Исаев 4-декабрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалды

Бүгүн, 22-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда мурдагы депутат Канат Исаевдин баш коргоо чарасы каралып, ал УКМКнын СИЗОсуна камалды.

Сотто судья Исаевди 2024-жылдын 4-декабрына чейин УКМКнын СИЗОсуна камоо чечимин чыгарды.

Канат Исаевге мурда кылмыш-жаза кодексинин «Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал өзү журналисттерге күнөөсүн мойнуна албасын жана уюшкан кылмыштуу топ менен кандай байланышы бар экенин такыр түшүнбөй жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан