Кытайдын
Нинся-Хуэй автономиялуу районундагы диний ырым-жырым аткаруу учурундагы
тыгылышта 14 адам каза таап, 10 адам жаракат алган. Бул тууралуу 5-январда кытайлык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык,
окуя 5-январь күнү Гуюань аймагында катталган. Тыгылыш мечитке келгендерге
диний ишмердин элесине арнап тамак таратып жатканда башталган.
Нинся-Хуэй автономиялуу районундагы тургундардын басымдуу бөлүгү ислам динин
тутушат.