Бишкектеги "Айдан фарма" фармацевтикалык заводу мамлекеттин менчигине өттү

Бүгүн, 2-декабрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мамлекеттик менчикке өткөн Бишкек шаарындагы ЖАК "Айдан фарма" фармацевтикалык заводуна барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Министр белгилегендей, "Айдан фарма" жабык акционердик коомунун заводу учурда 95 пайыз медициналык этил спиртин өндүрөт жана жакынкы арада калк үчүн сапаттуу дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана импортту алмаштыруу боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу максатында 50дөй аталыштагы дары-дармектин түрүн өндүрө баштайт.
"Дары-дармек рыногунун 90 пайыздан ашыгын импорттук продукция ээлеген Кыргызстан үчүн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өз алдынча өндүрүүнү өнүктүрүү маанилүү", - деп белгиледи заводго барган министр Алымкадыр Бейшеналиев.
"Айдан фарма" жабык акционердик коомуна жаңы директор болуп Өмүрбек Асанов дайындалды. Анын жетекчилиги астында заводду модернизациялоо жана жаңы технологияларды киргизүү процессин тездетүү, өндүрүлгөн дары-дармектердин линиясын кеңейтүү, ички рыноктун керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү пландалууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан