Америкалык рэпер P. Diddy'ге дагы бир айып коюлууда

Америкалык музыкалык продюсер жана рэпер Шон Комбска (P. Diddy) дагы бир жаңы айып коюлууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, америкалык белгилүү дизайнер Брайана Бонголан ушул аптада P. Diddy'ге каршы арыз жазган. Анын айтымында, окуя 2016-жылы 26-сентябрга караган түнү болгон. Анда рэпер мурдагы сүйлөшкөн кызы Кэсси Вентурдун үйүнө мас абалында кирип келип, үйдөгү курбусу Брайана Бонголанды ур-токмокко алып, 17-кабаттын балконунан ыргытып жиберүүгө аракет кылган. Кырдаалга курбусу Вентура кийлигишип, кызды сактап калган.

Учурда Бонголан P. Diddy'ден 10 миллион доллар компенсация төлөп берүүнү талап кылууда.

Эске салсак, 18-сентябрда 54 жаштагы Шон Комбс ири көлөмдөгү кылмыштуу иштерди уюштуруу, адам сатуу жана башка бир катар кылмыштар боюнча айыпталган. Ал камакка алынып, Бруклиндеги федералдык түрмөдө күрөөсүз кармалып турат. Ал эми рэпер ага каршы айтылган бардык айыптарды четке каккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан