Кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын үч жолку чемпиону, коңшу казакстандык балбан Жамиля Бакбергеновага актөбөлүк ишкерлер аргымак мингизип, акчалай сыйлык жана уюлдук телефон белек кылышты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Казак балбан кызы Актөбө шаарында өтүп жаткан эл аралык турнирге конок катары келген. Ал жерден ишкерлер Жамиля Бакбергеновага аргымак мингизип, акчалай сыйлык берген. Балбан кыз бул колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирген.
Буга чейин дал ушул Жамиля Бакбергенова мекендештеринен кыргызстандыктардан үлгү алууну суранган. Анда балбан кыз кыргыз элинин биримдигине, спортчуларына көрсөткөн колдоосуна суктанарын айткан.
"Залда машыгып жүрсөм бирөө "кыргыз кыздарындай күрөшпөйсүңөрбү" дейт. "Силер кыргыз байкелердей спортчуларды колдой аласыңарбы?" дедим. Кыргыздар жеңишке жетсе үйүн да, унаасын да алып берет экен. Мага да алып бергиле деген жерим жок. Кыргыздар спортчуларды жапырт колдошот. Машыктыруучусу да колдойт. Бизде жеңсек дагы, жеңилсек дагы мазакташат", - деген Жамиля Бакбергенова.