Садыр Жапаров Жылдыз Полотованын ордуна убактылуу министрди дайындады

Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Сабиров Равшанбек Азатович эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Буга чейин бул кызматта Жылдыз Полотова иштеп келген. Ал бүгүн, 4-декабрда ээлеген кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан