"Мен ичпейм да, только чегем".  "Тез жардамды" өткөрбөй койгон айдоочу кайгуул кызматкерлери менен чырдашты (видео)

Милициянын кайгуул кызматы Бишкекте "Тез жардам" унаасына тоскоолдук жараткан айдоочунун милиция кызматкерлери менен да чырдашкан видеосун бөлүштү.

Анда О. уулу Ж. аттуу жарандын кайгуул кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей, ыплас сөздөрдү сүйлөп жатканын көрүүгө болот. Соңунда аны Биринчи май РИИБине жеткиришкен.

Ал жактан кызматкерлердин "Ичимдик ичтиңиз беле?" деген суроосуна, "Мен ичпейм да, только чегем" деп жооп берген.

Милициянын маалыматы боюнча, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Белгилей кетсек, кечээ ал "Тез жардам" унаасына тоскоолдук жаратып, фельдшерлер менен жаңжалдашкан видео тараган.

Эскертүү: Видеодо этикага туура келбеген сөздөр бар!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-12-04 16:36:00
Муну менен неге айтышып убактыңарды кетирип отурасыңар? алып барып колун кайрып камерага тыгып салгыла да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан