Бишкекте "Тез жардам" унаасына тоскоолдук жаратып, фельдшерлер менен жаңжалдашкан айдоочу кармалды.
Шаардын патрулдук милициясынын маалыматы боюнча, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Эртең анын жазасын сот аныктайт.
Белгилей кетсек, борбор калаада "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери айдоочу менен уруша кетип, фельдшерлерге жолдон өтүп бара жаткандар болуша кеткен видео социалдык баракчаларга тараган.