
Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынан жайлоого кетип дайынсыз болуп жаткан 43 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМ бүгүн, 4-декабрда кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал жайлоодогу досуна 29-ноябрда кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Анын сөөгү Чоң-Кемин суусунан жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.