Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынан жайлоого кетип дайынсыз болуп жаткан жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-декабрда издөөгө Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, ИИМден 50 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40, жалпы 94 адам тартылган.
Белгилей кетсек, 29-ноябрда 43 жаштагы Ш.М. аттуу жаран досуна жолугуу үчүн жайлоого кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын минип жүргөн аты келген.
Кошумча маалымат берилет.