Дастан Бекешев Абхазия менен Армениядан келген унааларга мунапыс берүүнү сунуштады

Бүгүн, 5-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Абхазия, Армениядан кирген унааларды мыйзамдаштыруу үчүн мунапыс берүүнү сунуштады.

Ал мунапыстан өлкө казынасына дагы каражат түшмөктүгүн белгиледи.

"Азыр мындай унааларды МАИ кызматкерлери айып коргоого алып барып жатыптыр. Эми бул аракет мыйзам талабы. Бирок 2 жыл мурун депутаттар бул маселени көтөрүшкөн. Анда биз мунапыс берүүнү айтканбыз. Мунапыс кылсак бюджетке дагы каражат түшөт, жарандарыбызга дагы жакшы болот", - деди Бекешев.

Буга чейин мындай демилгени 21-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев дагы көтөргөн.

Эске салсак, 22-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Кыргызстан Абхазияны Грузиянын ажырагыс бөлүгү катары тааный турганын белгилеп, мындан улам өлкө Абхазиянын унааларынын номурларын жана башка документтерин тааныбай турганын, андыктан ал өлкөдөн алып келинген унаалар мыйзамсыз экенин айткан.

Армения менен Абхазиядан кирген унааларды каттоодо оорчулук жаралып жатканы коомчулукта байма-бай айтылып келет. Бул маселе парламентте дагы бир нече ирет көтөрүлгөн.

SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган Ош облусунун тургундары Абхазия, Армения өлкөлөрүнөн келген унаалар айып короого киргизилип жатканын айтып, бийликти буга көңүл бурууга чакырган.

05.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан