Камчыбек Ташиев депутаттардын айтканына муюп, мыйзам долбоорун, балким, өзгөртөрүн айтты (видео)

Бүгүн, 5-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев жакын туугандары коррупциялык кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган учурда аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алуудан баш тартуу сунушун кайра карап чыгууну сунуштады.

Ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев башка да күч органдарынын жетекчиликтери жана тиешелүү адистер менен кеңешип, кайра карап көрүшөрүн айтты.

"Бул суроону бир катар депутаттар узатты. Бир туугандары боюнча деген жерин кайра бир карап чыгайынчы. Бирок бала-чакасына деген жери сөзсүз түрдө калат. Анткени коррупционерлер балдарын ойлоп деле ал жолдон кайтабы деген үмүт. Ал эми бир туугандары, сиз айткандай, өзүнчө бүлө болуп кетет да. Азыр бир тууганынын күнөөсү үчүн кызматтан алып салсак, бир аз одоно болобу деп ойлоп калдым. Экинчи окууда, мүмкүн, өзгөртүп келебиз", - деди Ташиев.

Анын алдында депутат Элдар Абакиров да бир туугандары үчүн жазалоону кайра карап чыгууну сунуштаган. Ага атайын кызматтын башчысы мындай жобо УКМКнын ички мыйзамдарынан алынганын, анда "туугандары кылмыш жоопкерчилигине тартылган жарандар кызматка алынбайт" деп жазылганын мисал келтирген.

Белгилей кетсек, коррупционерлерге жаза чараларын күчөтүү мыйзамы биринчи окууда каралууда. Анда "жубайы же жакын туугандары коррупциялык кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган учурда аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алынбайт" деген жобо сунушталууда.

Мындан сырткары коррупциялык кылмыштарды жасагандар өмүр бою мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.

Жогорку Кеңеш 05.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан