Түштүк Кореянын полициясы 3-декабрдагы аскердик абал жарыялангандан кийин президент Юн Сок Ёлду мамлекетке чыккынчылык кылган деп иликтөөнү баштаганын Yonhap билдирди.
Тергөө Улуттук полиция агенттигинин Улуттук тергөө башкармалыгынын коопсуздук боюнча тергөө тобуна тапшырылды. Департаментке эки арыз келип түшкөн: оппозициялык Кореянын кайра жаралуу партиясынан жана 59 активисттен турган топ. Алар президентке гана эмес, отставкага кеткен коргоо министри Ким Ён Хёнго, аскердик абалдын командачысы, армиянын штабынын башчысы Пак Ан Суга жана ички иштер министри Ли Санг Минге да айып коюшууда.
"Билдирүүдө алар согуш абалын жарыялоого жана кийинчерээк алып салууга катышкандыгы үчүн мамлекетке чыккынчылык кылган жана ага байланыштуу башка кылмыштар үчүн айыпталууда", - деп билдирет агенттик.
Ушундай эле арыздар прокуратурага жана жогорку кызматтагы адамдардын коррупциялык иштерин иликтөө бөлүмүнө да түшкөн. Мекемелер өз алдынча иликтөө жүргүзөбү же полицияга өткөрүп береби деген маселени карап жатышат.
AFP агенттиги Түштүк Кореянын жогорку даражалуу полиция кызматкерине шилтеме жасап, Юнго каршы козголоңчу деген айып менен тергөө башталганын жазды.
Белгилей кетсек, 6-7-декабрда парламент оппозиция киргизген президентке импичмент жарыялоо долбооруна добуш берет.
Эске салсак, кечээ, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган.
Ошондой эле 4-декабрда Түштүк Кореянын Демократиялык партиясы өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлду аскердик абалдын киргизилгендигине байланыштуу кызматтан кетүүгө чакырып, импичмент жараянын баштай турушканын айтып бир канча жетекчилер отставкага кетишкен.
Ал эми бүгүн, 5-декабрда Аскердик департаменттин жаңы башчысы болуп өлкөнүн Сауд Арабиядагы элчиси, армиянын мурдагы генералы Чой Бён Хюк дайындалганы маалым болду.