Бүгүн, 5-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев кийинки жылы Чүй облусундагы орусча айыл аталыштарын кыргызчалоону сунуштады. Ал Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин башчысы Кудайберген Базарбаевден демилгени колго алууну суранды.
Жыйында "Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан.
"Мына интернетте аябай талкуу болуп жатат. Бирөө Чүйдөгү айылдардын атын жазыптыр. Беловодское, Садовое, Сосновка, Васильевка, Ивановка, Орловка, Озёрное, Октябрьское, Полтавка, Крупское, Романовка, Петровка, Кировское, Комсомольское, Полевое, Советское, Будённовка, Зелёное, Маевка, Ударник деп кете берет экен. Биз каякта жашайбыз? Ушуну колго албайсыңарбы? Ушул маселени колго алгыла. 2025-жылдын башынан баштап силерден сурап баштайбыз", - деди Акаев.