Бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында "Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген.
Ага ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Таштак айылын Малкалды,
Ноокен районунун Параканда айылын Баракелде,
Нарын облусунун Кочкор районунун Большевик айылын Баялы Исакеев,
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ынтымак айылын Шадыкан,
Манас районунун Новодонецк айылын Айтматов,
Талас районунун Козучак айылын Жанкороз олуя,
Балбал айылын Жаныбек баатыр,
Чүй облусунун Москва районунун Чоң-Арык айылын Сыйдалы,
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылын Ак-Суу айылы деп кайра атоо сунушталууда.
Андан тышкары жыйында "Баткен жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө", Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокусуна "Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу" деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө" мыйзам долбоорлору биринчи окууда жактырылды.