
Бүгүн, 6-декабрда Баткен шаарында жайгашкан "Мега" соода түйүнүндө
чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылып, жеринде ИИМ жана "Тез жардам" кызматы да иш алып барууда.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Өрт саат 09:10до толук өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.