
Бүгүн, 6-декабрда Баткен шаарында жайгашкан "Мега" соода түйүнүндө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Кырсык тууралуу маалымат министрликке таңкы саат 06:04тө түшкөн. Тилсиз жоого каршы күрөшүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылып, жеринде ИИМ жана "Тез жардам" кызматы да жумуш алып барууда.
Алдын ала маалымат боюнча, өрттөн адам өмүрүнө коркунуч келген жок.
Саат 08:19да чектөөгө алынган тилсиз жоону толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Министрлик кошумча маалымат берилерин билдирди.