Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасы аяктады

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасы аяктады. Бул туурасында Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, 1-декабрдан7-декабрга чейин Баткен шаарында эки өлкөнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасын аякташып, протоколго кол коюшту.

Белгилей кетсек, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 4-декабрда Тажикстандын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов менен жолушгушуу өткөрүп, чек ара маселеси чечилип, учурда кагаз иштери калгандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан