"Тарыхый учур". Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жасады (видео)

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 4-декабрда коңшу Тажикстандын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов менен жолушгушуу өткөргөндөн кийин бүгүнкү күн тарыхый учур болгонун айтты.

Эки өкмөт делегацияларынын тең төрагаларынын жолугушуусу Баткен шаарында өткөн. Анда алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасын толугу менен аякташкан.

Жумушчу топторго кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди түзүү процессин баштоо тапшырылды.

"Андан кийин бир нече айдын ичинде парламентте ратификациялоо жана биздин урматтуу президенттердин кол коюулары болот. Анан биз чек араларды толугу менен бүтүрөбүз. Комиссиянын бардык мүчөлөрүнө чоң рахмат! Мен баарына, өзгөчө Саймумин Ятимов мырзага ыраазымын", - деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан