"Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Бишкек — Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 12:30да алынды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Токтогул районунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 03:00дөн тартып убактылуу киргизилген чектөө алына элек.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында убактылуу чектөө киргизилгенди айтылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан