Сирияны оппозициялык козголоңчулар басып алган соң, Израиль аскердик оор техникасын ал өлкө менен чектешкен жерге жиберди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, танктар Кунейтрадагы буфердик аймакка кирип, чек ара аймагында жайгашты.
Башка маалыматтарга караганда, Израилдин аскерлери чек арага душмандардын жакындашына жол бербөө үчүн буфердик зонада жайгашкан Барика айылынын аймагын аткылашты.
Белгилей кетсек, Сириялык козголоңчулар ишембиде Дамаскка келип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесин басып алышкан. Андан соң Сирия армиясы офицерлерге президент Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын кабарлаган. Ал бүгүн өлкөдөн учак менен чыгып кеткен. Азырынча анын кайсыл мамлекетке барганы айтыла элек.