Сириялык козголоңчулар Дамаскты басып алып, Башар Асад өлкөдөн чыгып кетти

Сириялык козголоңчулар ишембиде Дамаскка келип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесин басып алышкан. Бул тууралуу Al Hadath телеканалы билдирди.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, козголоңчулар Дамаскка келээрден бир нече саат мурун Хомс шаарын толук көзөмөлгө алышканын жарыялашкан. Алар толук бир күндүк салгылашуу болгонун билдирген.

Козголоңчулар миңдеген туткундарды шаардык түрмөдөн бошотушкан. Коопсуздук күчтөрү тез арада ал жактан чыгып кетишти.

Сирия армиясы офицерлерге президент Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын кабарлаган. Ал бүгүн өлкөдөн учак менен чыгып кеткен. Азырынча анын кайсыл мамлекетке барганы айтыла элек.

Ал эми Сириянын премьер-министри Мухаммад Гази аль-Жалали сирия эли тандаган кандай гана бийлик болбосун иштешүүгө даяр экенин, бийликти өткөрүп берүүгө байланыштуу бардык чараларды көрөрүн билдирди. Ал учурда өзүнүн үйүндө экенин, өлкөдөн чыкпай турганын кошумчалаган.

Сирияда 2011-жылы Асаддын бийлигине каршы көтөрүлүш катары башталган жарандык согуш ири тышкы күчтөрдү өзүнө тартып, жихадчы согушкерлерге дүйнө жүзү боюнча чабуулдарды пландоо үчүн мейкиндик түзүп, миллиондогон жарандарын коңшу мамлекеттерге качыргандыгы маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан