Израил жарым кылымдан бери биринчи жолу Сириянын аймагына басып кирди

Израилдин армиясы Сириянын Голан дөңсөөлөрүн жарым кылымдан ашык убакыттан бери биринчи жолу басып кирди. Бул тууралуу New York Times Израилдин эки расмий өкүлүнө шилтеме жасап билдирди.

"Дем алыш күндөрү Израилдин кургактагы күчтөрү демилитаризацияланган зонадан чыгып кетти. Бул 1973-жылдагы октябрь согушунан кийин Израилдин Сириянын аймагына биринчи жолу ачык басып кирүүсү", - деп айтылат басылмада.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Тель-Авив куралдуу сириялык оппозициянын өкүлдөрү Голан дөңсөөлөрүнүн жанындагы аскерий объектилерди көзөмөлгө алып, аларды Израилге каршы колдонушу мүмкүн деп кооптонууда.

Эске салсак, сириялык козголоңчулар ишембиде Дамаскка келип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесин басып алышкан. Андан соң Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан