Америкалык музыкалык продюсер жана рэпер Шон Комбска (P. Diddy) белгилүү рэпер, ишкер Шон Картер (Jay-Z) менен биргеликте 13 жаштагы кызды зордуктаган деген айып коюлууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, атын атагысы келбеген аялдан арыз түшкөн. Анын айтымында, окуя 2000-жылы Нью-Йорктогу "MTV Video Music Awards" сыйлыгын тапшыруудан кийин болгон. Аталган иш-чаранын соңунда уюштурулган үйдөгү кечеде P. Diddy менен Jay-Z биргеликте 13 жаштагы кызды зордуктаганы айтылган.
Учурда окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, 18-сентябрда 54 жаштагы Шон Комбс ири көлөмдөгү кылмыштуу иштерди уюштуруу, адам сатуу жана башка бир катар кылмыштар боюнча айыпталган. Ал камакка алынып, Бруклиндеги федералдык түрмөдө күрөөсүз кармалып турат. Ал эми рэпер ага каршы айтылган бардык айыптарды четке каккан.