Кремль Башар Асад Москванын каягында экенин айтуудан баш тартты

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль Сириянын президенти Башар Асаддын жайгашкан жери тууралуу эч нерсе айта албай турганын билдирди. Ал бул тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ошондой эле Песков Владимир Путиндин расмий программасында Асад менен жолугушуу жок экенин белгилеген.

Эске салсак, сириялык козголоңчулар ишембиде Дамаскка басып кирип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесинен Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын кабарлаган. Ал эми президент Асад өлкөдөн чыгып кетип, Орусиядан башпаанек алганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан