Сириянын качып кеткен президенти Орусиядан башпаанек алды

Сириянын экс-президенти Башар Асад Москвага келип, Орусия ага башпаанек бергенин ТАСС Кремлдеги булагына таянуу менен билдирди.

Ал үй-бүлө мүчөлөрү менен келген. Кийинчерээк бул маалыматты дагы бир мамлекеттик агенттик РИА Новости тастыктады.

"Сириянын президенти Асад жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Москвага келишти. Орусия гуманитардык көз караштарга таянып, аларга башпаанек берди", - деп айтылат маалыматта.

Агенттиктин маектешинин айтымында, куралдуу оппозициянын лидерлери Орусияга Сириядагы аскерий базалардын жана дипломатиялык мекемелердин коопсуздугуна кепилдик беришкен. Булак Москва Сирия элинин кызыкчылыктары жана Орусия менен Сириянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн саясий диалогду улантууга үмүттөнөрүн баса белгилеген.

Эске салсак, сириялык козголоңчулар ишембиде Дамаскка келип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесин басып алышкан. Андан соң Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан