
Президент
Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда Ысык-Көл облусуна жумуш сапары менен барат. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат катчысы
Аскат Алагөзов билдирди.
Айтымында, сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы капиталдык реконструкциядан өткөн “Каракол” эл аралык аэропортун ачат.
Аэропорттун ачылышы УТРКнын түз эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.
Буга чейин Караколдогу аэропортко мамлекеттик "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясынын учагы биринчи техникалык каттам аткарганы
кабарланган. Бүгүн аталган аэропорт расмий түрдө ачылат.