Бишкектен Караколго биринчи техникалык каттам аткарылды. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Манасбек Самидинов билдирди.
Мааламыдалгандай, мамлекеттик "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясынын учагы биринчи техникалык каттамын аткарды.
"Каракол" эл аралык аэропортунун салтанаттуу ачылышы 10-декабрда президенттин катышуусунда болот. Жаңы аэропорт аймактагы туризмди жана инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачмакчы", - деп айтылган билдирүүсүндө.