Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жакында эле пайдаланууга берилген Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун убактылуу жабылышынын себебин түшүндүрдү.
Маалым болгондой, учурда жолду тейлеген тарап банктар менен келишим түзүү, төлөмдөрдү кабыл алуу шарттарын, өткөрмө шлагбаумдардагы техникалык мүмкүнчүлүктөрдү жолго коюу иштерин аткарышууда.
"Бир жуманын ичинде бул иштер толук кандуу бүтүп, жол ачылып, тейлөө башталат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы айланма жол ачылып, ага президент Садыр Жапаров катышкан.