“Европа менен байланыш”. Садыр Жапаров кыргыз авиациясы кара тизмеден кантип чыгып жатканын айтты

Кыргызстан авиация тармагындагы өнүгүүнүн жаңы этабына чыкты. Бул туурасында бүгүн, 11-декабрда президент Садыр Жапаров “Каракол” эл аралык аэропртунун ачылышында билдирди.

Мамлекет башчысы 2007-жылы өлкөнүн авиация тармагы дүйнөлүк талаптарга жооп бере албай калгандыктан Евробиримдиктин аймагына учууга тыюу салынганын айтып, жарандар үчүнчү өлкөлөр аркылуу учуп барып келе жатканын белгиледи.

“Биз Эл аралык дүйнөлүк граждандык авиация уюму тарабынан текшерилип, 2023-жылы учуу коопсуздугу, ал эми 2024-жылы авиациялык коопсуздукка байланыштуу эки аудиттен ийгиликтүү өттүк. Бул биздин авиация тармагыбыздын дүйнөлүк стандарттарга шайкештигин далилдей турган маанилүү жетишкендик болуп эсептелет.

Тарыхый өңүттөн алып караганда, Кыргызстан Евробиримдиктин авиация тармагынын кара тизмесинен чыгуу маселесине эч качан мынчалык көңүл бурган эмес экен. Атүгүл буга чейин бул багытта олуттуу кадамдар да жасалбаптыр. Биз азыр бул маанилүү этапты жеңип өтүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз.

2025-жылдын башында Европа комиссиясынын Мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы кеңсесинен Кыргызстанга аудит жүргүзүү үчүн адистери келишет. Бул текшерүүдөн ийгиликтүү өтүп алсак, биздин авиакомпанияларга Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө түз каттамдарды ачууга мүмкүнчүлүк жаралат. Кара тизмеден чыгабыз”, - деди президдент.

Мамлекет башчысы түз аба каттамдарын ачыш үчүн Кыргызстан дагы 2 чоң самолёт сатып ала тургандыгын кошумчалады.

Ошондой эле президент Германияга болгон иш сапардын алкагында авиа курулуш жана учак өндүрүү боюнча дүйнөгө белгилүү лидер “Эйрбас” (“Airbus”) компаниясынын жетекчилиги менен жолугушканын белгилеп, учак сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүн айтты.

Белгилей кетсек, “Каракол” эл аралык аэропртунун ачылышына Германиянын аталган компаниясынын жетекчиси Йохан Пелиссье да катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан