"Эмне үчүн чечилбей жатат?" Дастан Бекешев Жогорку Кеңеште ыш маселесин көтөрдү 

Бүгүн, 12-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев ыш маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, экологияны жакшыртууга 50 миллион доллар акча каражаты бөлүнсө дагы учурда натыйжа бербей келет.

"Бизде эң чоң көйгөй ыш болуп жатат. Биз бул маселени жүздөгөн жолу көтөрүп чыктык, талкууладык. Бул тармактын адистери, биз Бишкектин экологиясы жөнүндө айтып жатабыз. Экологияны жакшыртууга 50 миллион доллар бөлүнгөн, бирок дагы деле смог өпкөбүздү уулантып жатат. Бир чара көрүү керек да. Бизде план, концепция, программа баары бар. Эмне үчүн булардын баары иштебей жатат? Бизге бирөө-жарым келип, эмне үчүн иштебей жатканы жөнүндө отчёт беришсин", - деди депутат.

Белгилей кетсек, кечээ, 11-декабрда Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингинде 5-орунга жайгашкан. Мындай маалыматты дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюму чыгарган.

Дастан Бекешев смог маселесин көтөрдү 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан