Сокулуктун бала бакчасындагы 5 жашар кыздын өлүмү Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

Бүгүн, 12-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыяр Калпаев өлкөдөгү бала бакчаларга видеокөзөмөл орнотууну сунуштады.

Ал Сокулуктагы бакчада чарчап калган 5 жашар кыздын окуясын эске салып, мындай иштерди алдын алуу керектигин белгиледи. Ошондой эле эл өкүлү чарчап калган кыздын ата-энеси ага тергөө ачык жүрбөй жатканын айтып кайрылышканын билдирди.

Эске салсак, Чүй облустук милициясы бул боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Анда кыз уктап жатып чарчап калганы айтылат. Бирок чарчап калган кыздын апасы социалдык тармактар аркылуу кызынын өлүмү тууралуу айтып, бала бакчанын кызматкерлерине жана укук коргоо органдарына нааразычылыгын билдирген. Билим берүү министрлиги ишти көзөмөлгө алганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан